www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭЛДИ ЫРЫС-ЫНТЫМАККА ҮНДӨӨ, МЫЙЗАМГА БАШ ИЙҮҮ, САЛТТЫ САКТОО, КЕРЕКСИЗ КААДАЛАРДЫ ТЫЮ, ИЛИМ-БИЛИМГЕ УМТУЛУУ, ЭЛ АРАЛЫК ДИПЛОМАТИЯНЫ САКТОО ӨЛКӨНҮН СТАБИЛДҮҮЛҮГҮНҮН ӨБӨЛГӨСҮ...

Көптөн бери Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун: “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын маанисин толук түшүнүп-түшүнбөй адам өлгөн жерлерде, “мал сойбогула!” деп Жарлыкты бура тартып, элдин кыжырын кайнаткан радикалдык көз караштагы айрым молдолорго кыжаалат болуп, интернет баракчаларына Жарлыкты иш жүзүнө ашыра турган Жобо чыга электигин айтып-дегиче бир топ убакыт өттү. Кайрылуулар жазылып, сунуштар айтылып эл арасындагы ызы-чуулуу талаш-тартышка биз дагы аралашып эле жатып калдык...

Радикалдык көз караштагы молдолор менен салттуу исламды карманып, беш маал намаз окуп, ажы болуп келген аксакалдар, байбичелердин ортосунда сөөк коюунун Зыйнаты, казанагы менен көр казуу маселеси боюнча талаш-тартыштар чыгып, эл арасында бөлүнүп-жарылуу пайда болуп, Чүйдөн, Көлдөн, Таластан, Нарындан телефондор чалынып, вотсаптан нааразы үндөр угулуп, шаштыбызды кетирди...

“Ушинтип эле эл бөлүнүп калабы, славяндар чырлашып, капталдан тажик аңдып турса, кыргыз эмне болот, биз мамлекет катары сакталып калабызбы же саясий, диний көз карашта ынтымагыбыз кетип, эл бытырап бөлүнүп жок болуп кетеби? Биздин жазгандарыбыз Өлкө Бийлигине жетеби же жетпейби, угабы же укпайбы?” деп нааразы болуп жүргөнүмдө телефон чалынып: “Сизди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Катчысы Сүйүнбек Сапарбекович биринчи күнгө чакырып жатат, келе аласызбы? Саат он бир кырк бешке жазайын...” деген катчы кыздын үнү угулду...

Жолдо баратып, “өлкөбүздө маданияттын башы көтөрүлүп, филармониянын эшиги кенен ачылып, драм театр жанданып, манасчыларга атайын жай берилип, белгилүү манасчы, бейиши болгур Сапарбек Касмамбетовдун уулу Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Сапарбекович атанын уулу болуп, улуттук идеология боюнча беш киши болобу, беш миң киши болобу санына карабай жыйындарга катышып, сөз сүйлөп руханий жандануу башталды...” деп эл арасында айтылган сөздөрдү эстедим.

Өткөндө анын радио аркылуу Өлкө Президенти С. Н. Жапаров кол койгон Жарлык боюнча элге кайрылып, “азыр ызы-чуу салыштын кереги жок экендигин, айрымдар Жарлыкты толук окубай эле капа болуп жаткандыгын, Жарлыктын негизги мааниси айрымдар нааразы болгондой эмес, башкача экендигин” элге чечмелеп айтканын эстедим.

Ошентип ойлонуп келе жатсам Билим берүү министрлигинин жанындагы жолдун боюндагы светофордун жанынан бир салабаттуу жашы алтымышка жакындап калган орус киши жолугуп, ысык маанай менен мага колун берип саламдашып кыргызча “Арыба, кандай?” деп учурашып, мен, “ырахмат, жакшы!” деп айтып бүткүчө, “Бог тебе любить” деп светофордон өтүп кетип калды. Таң калып, “көзүмө көрүнчү көрүндүбү?” деп кылчайып карасам алыстап бараткан карааны артынан көрүндү. Жакшылыкка жоорудум...

... Ошентип ар нерсени эстеп, ойлонуп отуруп Ак Үйгө бардым. Мамлекеттик Катчынын жеке кабыл алуусунда эки саатка жакын талаш-тартыш, кызуу талкуу болду. Мага Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн азыркы учурда жер-жерлердеги Мамлекеттик администрацияларга, аксакалдар Кеңештерине, аялдар Комитеттерине каттар жиберилип, алар ошол аймактагы элдин шартына, жашоо-турмушка болгон көз карашына жараша жергиликтүү эл менен жыйындар өткөрүлүп, элдин бир пикирге келүүсү менен көпчүлүк нааразы болбогондой, ынтымагы кетпегендей маанайда ашкере ысырапкорчулукту токтотуу, мал союу маселесиндеги талаш-тартышта эл өзү кеңешип бир чечимге келип, чогулуштун Токтому чыгарылып, анын негизинде аймактарга ылайыкталган жалпыланган Жобо жазылып, турмуш жүзүнө ашырыла тургандыгы белгилүү болду. Маалыматты угуп жан дүйнөмдү сарсанаага салган ойлор басаңдады...

Кызуу талкуу учурунда баарыбыз эле бир нерсени айта тургандыгыбызды, бирок, бирибиз катуу, бирибиз сылык түрдө ой-пикирибизди билдире ала тургандыгыбызды, баарыбыз эле мамлекеттин коопсуздугу, элдин ырыс-ынтымагы, өлкөнүн өнүгүшү үчүн Президенттин Жарлыгы боюнча бирибиз коомдук деңгээлде, бирибиз мамлекеттик деңгээлде эл арасында үгүт-насаат жүргүзүп жаткандыгыбызды түшүндүк...

Жолугушуунун аягында атанын уулу болуп кыргыздын улуттук комузун кол ойното чертип, залкар күүлөрдү аткарган, Манасын айткан, салтты карманып, нарк-нускасын тутунган, “кыргыз эли ырыс-ынтымагын сактап бөлүнбөсө экен, ар кимибиз ар жакты карабай бир баш болуп, өлкөбүз гүлдөп өнүксө экен, элибиз колдоп Президентибиз мамлекетибизди дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына теңесе экен” деген идеяда жашаган, анысын ачык жар салбай эле улуттук идеологиянын багытында аракеттенген Сүкөмө (Сүйүнбек Касманбетов) билген кеңешибизди, сунушубузду айтып, талап коюп жазсак Ал Президентке маалым кылса, ар кимибиз акылыбыз жетишинче жардамдашсак “ынтымак менен руханий кризистен чогуу-чараан чыгып кетебиз го” деген ишеним пайда болду...

Кайтып баратып, “кыргыз элинин 7000 жылга жакын көөнө тарыхы бар улут экендигин, жазылбаган Мыйзамы болгон Салттык эрежелердин ана башында турган, “уят, убал, жакшы, жаман, туура, туура эмес, эл эмне дейт?” деген прициптер менен бузулбай, жоюлбай, азыркы күнгө чейин жашап келгендигин эстеп, азыркы ааламдашуу учурунда саясий, диний, жердештикке бөлүнүп-жарылуудан оолактап, бирибизди бирибиз этектен тартпай, бир баш болуп, ынтымакка келип, башка мамлекеттер менен тең ата болуп, өлкөбүздүн ыйык атрибуттарын сактап, элди мекенчилдикке, баатырдыкка, ар-намыска тарбиялаган Манасыбызды бийик көтөрүп, тилибизди жоготпой, көп тил билүүгө үйрөнүп, эл аралык дипломатияда акылдуу, амалдуу, сак болуп прогресске умтулсак, келечек муундардын алдында милдетибизди актап, ата-бабалардын арбагынын алдында жүзүбүз жарык болот беле?!.” деген үмүттүү ойлор менен келаттым...

Абдымамбет Сариев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости