www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чек ара окуясында жабыркаган Баткен районунун Аксай, Көк-Терек, Достук жана Таш-Тумшук айылдарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Облус башчысы менен бирге бардык облустук мекеме ишканалардын жетекчилери барып, айыл элинин бир катар суроолоруна жооп беришип, көпчүлүк маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлгө чек ара айылдарынын социалдык абалы, инфраструктурасы боюнча бир катар суроолор болду.

Жашоочулар арасында негизинен таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу айыл чарба багытындагы маселелер жана чек ара айылындагы элдин коопсуздугу боюнча да айтылды.

Бүгүнкү күндө Баткен районунун Аксай, Көк-Терек, Достук, Таш- Тумшук жана Көк-Таш айылдарында жарыктандырууга акча бөлүнүнүп, атайын тендер өткөрүлүп жумуштар башталган.

Ыйгарым укуктуу өкүл айыл элинин коопсуздугу, ички иштер кызматкерлери менен чек арачылардын күнү-түнү көзөмөлүндө экенин айтып, кооптонбоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Ал эми айтылган маселелер боюнча жолугушууга катышкан жетекчилерге, облус башчысы жеринде тапшырмаларды берди.

Ошондой эле эл менен болгон жолугушууда, Баткен облусуна берилген өзгөчө статустун алкагында каралган жеңилдиктер боюнча да тиешелүү мамлекеттик кызматтын жетекчилери тарабынан элге толук маалыматтар жеткирилди.

Абдикарим Алимбаев жолугушуунун жыйынтыгында алдыда чек аралаш аймактагы элдин жашоо шартын жакшыртуу жаатында пландуу жумуштар ишке ашырылаарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости