www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинада белгиленген жерлерди алганга чейин «аскердик операциялар» уланаарын айтты. Министрликте өткөн жыйында Шойгу менен бирге жогорку мартабалуу командирлер Украинадагы согуш тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу трт.нет билдирет. 

Орус армиясынын Украинадагы «аскердик операциясынын» биринчи этабы жалпысынан аяктаганын белгилеген Шойгу Украина куралдуу күчтөрүнүн жөндөмү абдан азайганын билдирди. Шойгу: «Бул абал негизги максатыбыз болгон Донбассты бошотууга көңүл буруу үчүн мүмкүнчүлүк түзөт»,- деди.

Орус армиясынын Украинада абадан үстөмдүк кылгандыгын айткан Шойгу Украинанын аба күчтөрү жана абадан коргонуу системасы жок кылынган, бүгүнкү күнгө карата 152 учактан 123ү, 149 тик учманын 77си жана 180 абадан коргонуу ракеталык комплексинин 152си жок кылынган.

Украинанын деңиз күчтөрү, кургактык жана абадан сокку уруу күчтөрүнүн бардык түзүмдөрүндө олуттуу жоготуулар болгон. Орус армиясынын Украинада белгиленген буталарга жеткенге чейин «аскердик операция» токтобой тургандыгын белгилеген Шойгу орус аскерлеринин активдүү түрдө Луганск жана Донецк калкына жардам бергендигин да айтты.

Украинага учак жана абадан коргонуу системаларынын жөнөтүлүшүнө байланыштуу НАТО лидерлеринин билдирүүлөрүн кылдаттык менен иликтегенин баса белгилеген Шойгу: «Бул пландар ишке аша турган болсо, аларга да ылайыктуу жооп берилет»,- деди.

Последние новости