www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири Германиядан түз инвестицияларды тартуу болуп саналат, айрыкча жашыл экономика жана энергиянын кайрадан жаралуучу булактары тармактарына. Бул тууралууКыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги билдирди.

Аталган иштин алкагында, Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында германдык «Schmid Group» компаниясынын КМШ мамлекеттери боюнча Регионалдык директору Вальдемар Лихтенберг менен жолукту.

«Schmid Group» компаниясы 2016-жылы Кыргызстанга инвестиция салып, күн нурунан электр энергиясын алуучу панелдерди чыгаруу боюнча кыргыз-герман биргелешкен ишканасын түзүп, ал ишкана азыркы тапта “Бишкек” эркин экономикалык зонасында иш алып барат.

Жолугушуу учурунда, Элчи Өмүрбек Текебаев Регионалдык директор Вальдемар Лихтенберг менен германдык инвестициялардын көлөмүн Кыргызстандын энергетика тармагына, анын ичинде энергиянын кайрадан жаралуучу булактарына көбөйтүү маселесин талкуулады.

Аталган жаатта ишти биргелешип жигердүү алып баруу макулдашылды.

Последние новости