www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу журналисттик иликтөөсүндөгү башкы каарман Айеркен Саймаити Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн кийин аталган шаарда Кыргызстандын башкы консулу болуп жүргөн Эркин Сопоковдун да ысымы калың элге таанымал болду. Көрсө, Саймаити Стамбулда Э. Сопоковго тиешелүү унааны дипломатиялык номери менен айдап жүрчү экен. Мындай маалымат чыгары менен Э. Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Эми ошол адегендеги айдоочу, андан кийинки экс-башкы консул Сопоков УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, СИЗОго киргизилгени маалым болду. Ага карата бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгонун да айта кетүү керек. Ошентип Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу окуядагы биринчи фигурант темир тор артына кирди.
Маалыматтарга караганда Сопоков Саймаити менен жөнөкөй гана тааныш эмес экен. Алар мурдагы президент Атамбаевдин мафиялык структурасында жалпы финансылык иштер боюнча тыгыз мамиледе болушкан. Бүгүнкү күндө Стамбулда жана Анкарада жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттеринин алкагында ойго келбеген масштабдуу эл аралык кылмыштуу топ боюнча көптөгөн далилдер табылууда.
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, Стамбулдагы Башкы консулдуктагы Сопоковдун кабинетин тинтүүдө табылган документтер боюнча Түркиянын атайын кызматы Атамбаевдин дагы өнөктөшүнүн изин тапкан. Анын үйүн тинтүүдө накталай жүздөгөн миллион долларлар табылганы эле эмнени түшүндүрөт?
Жакынкы күндөрү атайын кызматтардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы коомчулукка белгилүү болот. Ошондо океандын ары жагынан каржыланган маалымат каражатынын журналисттик иликтөөсүндө жаап-жашырылган жагдайлар ачыкка чыгат. Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун басымдуу бөлүгү Райым Матраимов эмес, Атамбаевдин кылмыштуу тобуна тиешелүү экенин да коомчулук билгени калды.

Беспредел KG-КР

Последние новости