www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Контранбанданы сындаган блогерди камап салдыңар. Ал эми контрабантисттерге алыңар жетпей жатат. Эми ошол блогерди камап эмне кыласыңар, мен такыр түшүнбөйм. Ал болгону контрабандисттерди, бийликти сындачу экен. Парламентти деле күндө сындашат, эми ошолорду да камайлыбы? Деги биз качан түшүнөбүз, камаган сайын, куугунтуктаган сайын коомчулукта чыңалуу жаралып, элдер жан-дүйнөсү менен каршы чыга башташат да, анан бир күнү жарылуу болот!”

Мындай ачуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов парламентте өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн республикалык бюджеттин долбоорун кароо жыйынында айтты.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени тууралуу, 27-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирүү тараткан. Бирок, анда ал ким экени айтылган эмес болчу.

2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Кийин ал «БеспределKG» плагинин ээси Автандил Жоробеков экени белгилүү болгон.

Ал эми соттук өндүрүштүк иштердин алкагында кечээ, 26-ноябрда Биринчи май райондук соту Жоробековду 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо өкүмүн чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

 

  

 

Последние новости