www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш айылындагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы үйүнүн аймагында карылар үйү жана балдар үйү курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасы билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, аймак абасы таза жана тынч жерде жайгашкан. Бул жерде карылар менен балдардын жашоосу жана эс алуусу үчүн шарт түзүү пландалууда.

Эки объект тең социалдык муктаждыктарга багытталган жана курулуш аяктагандан кийин тиешелүү максатта колдонулат.

Президенттин иш башкармасы бул социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат коомчулукка буга чейин эле жеткирилгенин кошумчалады.

Последние новости