www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2 жер титирөө катталды

Бүгүн, 17-сентябрда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Кыргызстандын аймагында эки жер титирөөнү каттады.

Адегенде 3 баллга жеткен биринчи силкинүү саат 2:49да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Чаткал кырка тоосунун аймагында — Кашка-Суу айылынан айылча 18 чакырым түндүк-батышта, Таш-Көмүр шаарынан 70 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу айылында 2,5 балл, Кызыл-Капчыгай, Ит-Агар, Жаңы-Талап, Согот айылдарында 2 баллга жеткен.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө бүгүн саат 6:39да болгон.

Анын очогу да Кыргызстандын аймагында — Кара-Булак айылынан 3 чакырым түштүктө, Орто-Сырт айылынан 5 чакырым чыгышта, Нарын шаарынан 75 чакырым түштүк-батышта орун алган.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 3 балл, Терек, Ак-Бейит айылдарында 2 баллды түзгөн.

Последние новости