www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев эмне деп буйруса ошону тоту куштай кайталап оозуна айланган  «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Мээрбек Мискенбаев деген бар. Акаевдин күйөө баласы Тойгонбаевдин гезиттеги үлүшү сот аркылуу конфискацияланууга тийиш эле. Акаев-Тойгонбаев кланы кезинде «Рубикондун» 50% А.Рябушкин менен аялы Г. Рябушкинадан сатып алганын А.Кимдин жактоочулары ырасташкан. Рябушкиндердин үй-бүлөсү гезиттеги өз үлүшү үчүн 300 миң доллар алган экен. Демек Рябушкиндер энчисин толук алган. Тойгонбаев болсо «Рубикондогу» үлүшүн «Петровски корп» ишканасына каттаткан.

2005-жылы «Вечерка» кожоюну А.Ким сот аркылуу Адил Тойгонбаевдин «Петровски корп» ишканасында катталган «Рубикондогу» өз үлүшүнүн — 1% кайтарып алып баардыгы 50% акцияга ээ болгон. Ал эми калган 50% кайда? Калган 50% Тойгонбаевдин колунда калып жатпайбы. Калк арасында гезиттин ошол 50% Адил Тойгонбаевдин колунда калган деген сөз бар. Азыр Тойгонбаевге тиешелүү бир катар мүлктөр улутташтырып бир топ мүлкүнө сот аркылуу арест салынып турганы маалым. «Рубикондун» 50% конфискацияланып Биринчи май сотунун 2018-жылдагы чечими менен 2014-жылдын 24-сентябрында чечимин өзгөрткөн.

 «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Мээрбек Мискенбаевдин ошол кездеги бийликке таянып жазгандары калп болуп чыкты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости