www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2019-жылдын 23-октябрь күнү Жалал-Абад областык соту экинчи инстанцияда Аксыдагы Падыша-Ата мамлекеттик коругунда жайгашкан “Падыша-Ата” зыярат кылуучу күмбөздү өз кызыкчылыгын ойлогон жеке кызыкчылыктын тарабына эмес, коруктун, андагы жашаган жергиликтүү Кашка-Суу айылынын жашоочуларынын пайдасына кайрадан чечип берди. Бул тууралуу “Nazarnews”ка бүгүн, 24-октябрда Кашка-Суу айылдык кенешинин депутаты Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Жалал-Абад райондор аралык сотунун өкүмү күчүндө калтырылып, буга чейин “Арстанбап” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген буйруктар, келишимдер жана күбөлүктөр жокко чыгарылды.

“Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында, “Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу жайгашкан. Корук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлдагы №405-токтомунун негизинде түзүлгөн. Корук Авлетим токой чарбасынын Падыша-Ата токойчулугунун жерлеринде уюшулган. Ошол коруктун аймагында Кыргызстанга жана Орто Азияга белгилүү болгон тарыхый “Падыша-Ата” зыярат кылуучу күмбөзү жайгашкан.

Зыярат кылуучу жайды “Арстанбап” ЖЧКсына берүү жөнүндө Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 30.07.1997-жылы №412-буйругу, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 28.07.1997-жылы №59-буйругу чыккан, Авлетим токой чарбасы менен “Арстанбап”ЖЧКсынын ортосунда 1997-жылы 99 жылдык мөөнөткө, ошол эле жерди 2002-жылы 49 жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишимдеринин түп нускасы токой-чарбада жок жана Аксы районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан 09.09.2003-жылдагы №0009897-0009896 күбөлүктөр берилген. Бирок, баардык документтер Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын базасында катталган эмес.

Ошол мезгилде келечегибизди ойлобогон жетекчилерибиздин айынан 10 жылдан бери Кашка-Суу айыл аймагынын эли мамлекеттибиздин менчиги болгон тарыхый жайыбызды, “Арстанбап” ЖЧКсынын жетекчиси Эркин Бегимкулов менен талашып келген. Тарыхый зыярат кылуучу жайы боюнча мамлекеттин менчигинде болсун деген аттуулдарыбызды Э. Бегимкулов сот, тергөө органдарына берип, бир топ эле элди кыйнады. Мамлекеттик ЭлТР жана жеке менчик NewTV телеканалдары Кашка-Суу элин мазактап, бүткүл Кыргызстанга шылдың кылып келишти.

Табигый жаратылышы кооз жерде жайгашкан тарыхый “Падыша-Ата” зыярат кылуучу жайынын жерин мурун “Арстанбап” ЖЧКсына берилген буйруктарды, келишимдерди, күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча “Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу сотко берип, акыры соттук иштер Жалал-Абад райондор аралык сотунда жана областтык сотто коруктун пайдасына, мыйзамдуу чечип беришти. 10 жылдан бери ынтымакта туруп жеңишке жетишкен журтташтарыма, Жогорку Кеңештин депутаты Туманбаева Рада Мураталыевнага, жеке ишкер Элмурат Алымкуловко, Кашка-Суу айылдык Кеңешинин депутаттарына, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана “Падыша-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлерине чоң ырахмат айтам. Ошондой эле, областтык жана райондор аралык сотунун судьяларына терең ыраазычылыгымды билдиремин!”, - деп айтат билдирүүдө депутат Шекербек Камчыбек уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости