www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев тизмеде №1 болуп парламентке шайлоого аттанмай болду. Бул партия жеңишке жете турган болсо буга чейин бул партияны колдоп, түрмөдө жаткандарга мунапыс берилет. Ушул мунапысты пайдаланып Сапар Исаков Атамбаевдин партиясы тарабынан министрлер кабинетинин жетектөө үчүн талапкер болуп дайындалат. Камактан бошотулган  Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков сыяктуулар партиянын идеологиясын тейлешип жакшы кызматтар менен камсыз болушат. Атамбаевдин шопуру Илмияновго, кошоматчылары Ирсалиев, Кулбараков, Анвар Артыковдорго да министрлер кабинетинен кызматтар берилет. Карамушкина тизмеде алдыңкы орунда болгондуктан депутат болуп келет. Атамбаев Кадыр Бишкекте депутат бойдон калат. Раиса Атамбаева болсо Казанда калган мурунку күйөөсүнүн баласын ойлоп саясатка аралашпай калат. Анткени, Атамбаев өгөй баласына ишенбейт. Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-Канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү. Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан кийин алда неден чоочулап, бирде ажылык сапарды шылтоолоп, бирде апасынын ден-соолугун бетине кармап эле Кыргызстандан качып калган болчу. Бирок аны кармап келишип өз жазасын өзү тарткызган.

Бир учурда ал эч кандай апасынын ден-соолугуна камкордук көрбөй эле Татарстандын борбору Казан шаарындагы экс-канайым Раиса Атамбаева түптөп Койгон бизнеске көзөмөлдүк кылып жатканын маалымат булактары жазып чыгышкан. Тактап айтсак, ал бизнести Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы менен Икрам байбача биргеликте көзөмөлдөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Анан эле Илмиянов Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенден кийин эле жада калса Орозо айт күнү элибизди куттуктап коюуга жарабай, ден-соолугун шылтоолоп эле жүргөн Атамбаев 2018-жылы күзүндө Орусияга жеңесинин тажиясын шылтоолоп шашылыш жашырынып барып келген.

Дурусураак шылтоо таба албаганына өзү деле бир аз кейисе керек, бирок анын ошол жолку сапарынын негизги максаты жогорудагы себеп эмес, Казан шаарындагы бизнесине сарсанаа болгонунан улам жасалган сапар болгон экен. Ал Орусияга барып, ал жактан өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бирине ошол Казан шаарындагы бизнесин «жакшылап иштет» деп тапшырып келген.

Демек, ал өгөй баласына же Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласынв ишенбей турганын түшүнө берсек болобу? Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости