www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада полиция кызматкерлери Кыргызстандан келген аялдар уюштурган массалык мушташты токтотушту.

Бул тууралуу орус ЖМКлары укук коргоо органдарындагы булактара таянуу менен маалымдашты.

Маалыматка караганда, мушташ Хачатурян көчөсүндө болгон. Ага жаш мигрант кыз-келиндер катышкан. Алардын бирөөсү гана 40 жашта.
Полиция кызматкерлери мушташ башталганда дароо эле тараптарды бөлүштүрүп, беш кишини полиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Кыз-келиндердин айтымында, алардын ортосундагы оозеки айтышуу мушташка айланган.

Учурда полиция мигранттардын Москвада каттоосу бар-жогун текшерип, аныктап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости