www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнбек Өмүрзаков Ички иштер органдарынын ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыл сайын 1-октябрь күнү жүрөккө жылуулукту толтурган эң жагымдуу жана сүйкүмдүү майрамдардын бири болгон Эл аралык карылар күнү белгиленет.

Бул чечим 1990-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. 1-октябрь -өзгөчө майрам жана улуу муунга ыраазычылык, урмат-сый көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бул жыл да четте калган жок, Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев милициянын ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттукташты.

Сүйүнбек Абдылдаевич жана Султан Жоошбаевич ИИОнун ардагерлерине – Чоюнбек Сагынбаев, Акын Шаршенов, Бексырга Кубатович, Нина Ромашова, Динара Шакировага барышты. Алар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан жылуу куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду айтышты, азык-түлүккө толгон баштыктарды тапшырышты.

“Сиздердин артыңыздарда чоң тажрыйба бар. Сиздер каада-салттарды жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоочуларысыздар. Жаш муунду колдоп, балдардын жана неберелердин ишенимдүү жардамчыларысыздар.

Куттуктоо сөздөрдү жана чоң урматтоону кабыл алыңыздар. Сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык, кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык,  жакшы маанай, оптимизм жана узак бактылуу өмүр сүрүүнү каалайбыз!”, - деди  министрдин биринчи орун басары Сүйун Өмүрзаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости