www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко:

Беларус лидери Александр Лукашенко полициянын карапайым тургундарга каршы жасаган аракеттери, куугунтугу үчүн кечирим суроодон баш тартты.

Кечээ, 30-сентябрда CNN телеканалына курган маегинде Беларустагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу эл аралык уюмдардын сынын жана маалымат каражаттарынын жазгандарын да моюнуна алган жок.

"Жок, учурдан пайдаланып, кечирим сурагым келбейт. Эгер кааласам беларус медиасы аркылуу жасамакмын. Кечирим сурагандай эч нерсе кылган жокмун", - деди Лукашенко.

Беларуста толкундоо былтыр августта башталган. Ага Лукашенконун президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары жарыяланышы түрткү болгон. Буга каршылыгын билдирип көчөгө чыккан түмөндөгөн адамды полиция күчкө салып таркаткан. Миңдеген адамдар камалып, полициянын кыйноосуна кабылганын айтышкан. Ондогон оппозиция өкүлдөрү камалып, көбү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Amnesty International жана Human Rights Watch сыяктуу эл аралык уюмдардын полициянын кыйноосу тууралуу жазгандары боюнча суроо берилгенде Лукашенко “Беларуста Гуантанамо сыяктуу бир да жабык жай жок” деп билдирди.

Ал жергиликтүү маалымат каражаттарына көп чыкканы менен, чет элдик медиага өтө сейрек маек курат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости