www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин доорунда анын шопуру болуп жүргөн Икрам Илмиянов өлкөдөгү таасирдүү экинчи фигурага айланып, асмандап жүрүп калган. Ал кабыл алчу бөлмөсүнө Шаршенбек Абдыкеримов, Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев сыяктуу партия лидерлерин, фракция жетекчилерин күттүрүп коюп, өзү телевизор көрүп отурчу. Бир ирет анын кабыл алышын шопур кезинде сырдашы суранып калат. «Шопурду шопур алыстан тааныйт» эмеспи, «Шопур» аны кабыл алганы чакырат. Ал Илмияновго киргени барса кабыл алуусунда Шакилер отуруптур. Бирок аны түз эле Илмияновго кийирет. «Шопур» менен шопур жолугушуп аңгемелешип отурса, кабыл алуу бөлмөсүн даана тартып сүрөттөгөн, ким эмне кылып жатканын көрсөтүп турган телевизору бар экен. Шакиге окшогондорду 5-6 саат күттүрүп коюп телевизордон эмне кылып жатканын карап эрмектеп отурчу тура. Башкасын айтпасак да, кадр саясатына, Финансылык ресурстарга активдүү аралашканын кантип жокко чыгарабыз? Президенттик аппараттын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өзүн экинчи «хандай» эле көрүп калган да. Куугунтук жүргүзүүгө да салым кошкону талкууланып келген…

Айтмакчы, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда ага карата «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, аз убакытка түрмөгө отуруп чыкканы, жеңил жаза алганы маалым. А эң башкысы, Икрам Илмиянов шопурлуктан олигархка айланганы, бакса менен курган тамдан мал-мүлккө, бизнеске, элиталык үйлөргө жеткени жалганбы? Күч органдары тыкыр иликтөөгө алышса, төбө чачты тик тургузгандай байлыктары бапырап чыкса керек, туурабы? Эгерде Икрамды «кустурса» бюджетин бир капшыты толуп, бийликтин рейтинги көтөрүлөт беле?

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости