www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-сентябрда өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов кышка даярдык менен азык-түлүккө болгон баа маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду парламентке келип, аталган маселелер боюнча маалымат берүүсү керек.

"Элди түйшөлткөн маселе кышка даярдык болуп жатат. Электр энергия менен камсыздоо кандай болот? Азык-түлүккө болгон баа азыр асман чапчып кетти. Бензиндин баасын көрүп жатасыздар.

Мына алдыда кыш келе жатат. Түндүк менен түштүктү байланыштырган Ош-Бишкек жолу. Аны тейлеген №23 жол эксплуатациялоо башкармалыгынын дебитордук карызы 22 млн сом болду. Анын техникаларынын бары жараксыз абалда. Аларга кышкыга даярдыкка каржы маселесин чечип бербесек, кышында кандай абал болорун түшүнүп турсаңыз керек.

Аймактагы маселелерди болсо, айта берип тишибиз тешилди. Ички жолдордун, авариялык мектептердин абалы ошол бойдон турат. Курулушу башталып, бүтпөгөн мектептер ошол бойдон турат. Бизде өзү Министрлер кабинетинин төрагасы барбы? Дайындалып жатканда баарын кыйратам деди эле, эч нерсе жылган жок" , — деди Турдумамбетов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости