www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен өзүмдүн актыгымды ачык жана акыйкат сотто далилдөөгө мүмкүнчүлүк болгондуктан, тергөө менен келишимден баш тартууну чечтим” – деп билдирди бүгүн, 30-октябрда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу Амантур Жамгырчиев пресс-конференцияда.
Анын айтымында, ал тергөө учурунда күбө катары берген көрсөтмөлөрүнөн тайбайт.
“Мен буга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров келечекте бардык саясий кылмыш иштери ачык жана таза болот деп айткандан кийин келдим. Мен өзүмдүн күнөөсүз экенимди ачык сотто далилдөөгө даярмын”, – деп түшүндүрдү Жамгырчиев.
Ошондой эле ал президенттин м.а. Жапаровдон жана сот органдарынан Кой-Таш окуясында ага жана башка айыпталуучуларга карата ачык сот ишин камсыздоону өтүнгөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Жамгырчиев буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков, УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаев жана мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев саясий оппоненти Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын жок кылуу максатында атайын операцияны мыйзамсыз жана туура эмес уюштургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Жамгырчиев 2019-жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу катары өтүүдө. 9-августта ал барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча шектелип камакка алынган. Ал бир нече ай СИЗОдо отурган, андан кийин тергөө иштери менен келишим түзгөндүктөн, 2019-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен тергөө абагында камактан бошотулган.
Булак: NazarNews.kg