www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жатат.
Жыйындын башында бул иш боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина мамлекеттик айыптоочу менен айтыша кетти.
Соттук отурумга төрагалык кылып жаткан Азирет Медеров анын дарегине эскертүү берди. Андан соң сот айыпталуучуну сот залынан чыгаруу чечимин чыгарды.
Кой-Таш окуясынын бир жылдыгына карата мурдагы мамлекет башчынын тарапташтары бүгүн нааразылык акциясына чыгышты. Сот имаратынын алдына 100дөй адам чогулду.
Алмазбек Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары бар. Ал ошондой эле түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана 2020-жылдын октябрь айында массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен айыпталып, бирок соттолуучу акталган.
Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча материалдар дагы эки кылмыш иши менен бириктирилген – жер тилкелери жана ЖЭБге көмүр жеткирүү боюнча. Май айынан бери сот отуруму боло элек.
Булак: NazarNews.kg