www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кой-Таш окуясы, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иштерди кароону улантууда.

Сот залында прокурорлордун бири ишти кароонун тартибин аныктоо керектигин айтып, 10 мүнөттөй талапты окуп берди. Ошол маалда Атамбаевдин тарапташтарынын бири “соттун мындай кароосу менен сот иши дагы үч жылга, балким андан да көп жылга созулушу мүмкүн” деп кыйкырып чыкты.

«Мен дагы башка адамдардай эле Кой-Таш окуясынын курмандыгы болдум жана жабырлануучумун, бирок эмнегедир бизди жабырлануучу катары тааныбай жатышат, мен бир нече жолу операциядан өттүм, араң басып калдым, бирок акыйкаттык жок», - деп кыйкырды ал.

Андан соң судья Азирет Медеров ал адамды сот залынан тез арада алып чыгууну талап кылды.

Булак: Kaktus.media

 

 

Последние новости