www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутатка талапкерлер шайлоо учурунда Кремлдеги миллиарддарды бүтүрүп, Батыштан акча сурап жиберишет. Алар миллиондорду элеттик спортзалдарды оңдойм деген принцип менен капчыгына солой беришет. Шаар ичиндеги жана Чʏй боорундагы киши ташуучу унаалардын бары базарларда баанын кымбаттаганына байланыштуу жолдун наркын кѳтѳрѳбʏз деп турушат. Бирок, азыркы бийлик моюн сунган жок, баш ийбесеңер маршрутка айдабай эле койгула деп айлоочуларды үркүтүп, жол кирени көтөргөн жок. Атамбаев болсо эбак моюн сунуп, эмгиче жол кире эбак көтөрүлүп кетмек.
Арийне, бюджеттин айлыгын кѳтѳрѳ турган Экономика министри Муканбетов Санжар баш болуп уктап жатышат.
Кызыгы Экономика министрлигин ойготуп, лып эткизип ордунан тургуза тургандар бар да же алар да уйкудабы? Экономика министри Санжар Турдукожоевич депутаттарга 100 миңдеп айлык берерде эле ойгончудай.
Эки маал намаз окуган Алмаз Шаршеновичтин президенттик резиденциясына арак сатып алганга жылына 1 млн. 380 миң сом чыгымдалчу. “Казанчынын ѳз эрки, кайдан кулак чыгарса...”-дегендей, тайраңдаган экономика министрин тыя албагандар жылына бюджеттен аракка канча сом жумшайт болду экен?..
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg