www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев акыйкатчы Токон Мамытовго “Бизнес-омбудсмен деп бул институтту киргизип алдык. Бул өзгөчө институт. Ал Кыргызстанда бекемделбей жатат. Аны менен карым-катнаштарыңар кандай болуп жатат, бизнесмендердин укугун кандай коргоп жатасыңар?” –деп суроо узатты. Көзүнө Бабанов менен Салымбеков сыяктуулар эле бизнесмен катары көрүнөт окшойт го кыязы, Токон Мамытов “Мага ири бизнесмендер кайрыла элек. Мындай, жөнөкөй рядовой бизнесмендер кайрылып жатышат” деп жооп берди.

Ал жалпысынан 56 ишкер кайрылганын, бирок баарына жардам бере алышпаганын айтты.

Буга Руслан Казакбаев “Эми ири бизнесмендер сизге кайрылбайт да, маселелерин өздөрү эле чечип алышат” деп улап кетти.

Булак: NazarNews. Kg

Последние новости