www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек (Сеид) Атамбаев Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда атасынын дарегине айтылган айыптоолорго жооп кайтарды.

Ал 13-майда Facebook жеке баракчасына комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты” -  деп жазды.

12-майда Жапаров комиссиянын отурумунда “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгы изилденип жатканын айткан жана “Атамбаев Алмаз Шаршенович шайлоо өнөктүгү учурунда “Центерра” компаниясынан 10 миллион доллар алган” - деп билдирген.

Кыргызстанды 2011 - 2017 - жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат. 2019 - жылы ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, 11 жылга кесилген. Мындан тышкары ал Кой - Таш окуясы үчүн да айыпталууда.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 12 - майдагы жыйынында "Кумтөр Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирди.

Быйыл 17 - февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" басылмасы жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости