www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде бийлик алмаштыруу баланын оюнундай эле болуп калды. Кайсы күнү бийлик эңсеген он чакты кишинин башы кошулса, Ак үйдү өрттөшүп, бийликти алмаштыра коюшат. 2020-жылдын октябрында да бийлик алмашып башаламандык болду. Кремлдин да эси ооп калды. Ал тараптан эсибизге келгиче жыйырма күн мамлекет башында тура тур деп Жээнбековго айтышса, ал да жыйырма күнгө жетпей бийлигине кол шилтеп кете берди. Кремлдин кусаматы ичинде калып, бир топ мезгил Кыргызстанды коркутуп, сыр көрсөтүп жүрдү.

Садыр Жапаров президенттик шайлоодон өткөн соң биринчи иш сапарын Москвадан баштаган. Владимир Путин жакшы көрөбү, жаман көрөбү өнөктөш мамлекетин башчысын кабыл албай коюуга укугу жок. Эгер Кыргызстан Батыш жакка ооп кетсе, Орусия үчүн оңбогондой жаман нерсе башталат. Кыргызстан Батыштын Борбор Азиядагы таяныч плацдармына айланат. Учурда Афганистандан аскерин чыгарып жаткан АКШ, Афганистанга жакын кайсы мамлекетке аскерин жайгаштыра турганын айта элек. Бул бир гана Орусия үчүн эмес, Кытайга дагы коркунуч туудурат. Америкалык “Манас-Ганси” авиабазасы бар болгону үчүн эле булар кантип кетирүүнүн айла-амалын таппай, эптеп Атамбаевдин жасакерлигинен улам  кетиришкен. Болбосо, бул авиабазадан Кыргызстандын мамлекеттик бюджети жылына 60 миллион доллар алып жаткан. Ал эми бүтүндөй Кыргызстанды колдон чыгаруу ШКУ үчүн катуу сокку болот. Ошондуктан, Кремль Кыргызстанды кармап туруш үчүн болгон айласын салат.

Албетте, Кремль батышчылдар Өмүрбек Текебаев, Элвира Сурабалдиева, Өмүрбек Абдырахманов, Сыймык Жапыкеев, Мамытканов, Алмазбек Бейшеналиев сыяктуулардын атын укканда аллергия болуп, булардан жаа боюу качат. Ошондуктан, батышчылдарды бийликке жакын жолотпойт. Азыркы бийлик муну түшүнүп, 2020-жылдын октябрында башаламандык уюштургандарды четинен тазалап отуруп, бир да батышчыл көз караштагы бийликте жок калды. Башаламандыкты уюштурган Батышты жактаган  Өмүрбек Текебаев койгон адамдар, Элвира Сурабалдиева, Мамытканов, Сыймык Жапыкеев, акыркысы гүленчи Алмазбек Бейшеналиев бийликтен тазаланды.

Горбачёвдон бери Кремлдин “жугундусун” жалап жүрүп, уулу Кубанычты бийликтин бийик эшалондоруна коюп жүргөн Кеңеш Кулматов эскирди. Путин ишеним артып Москвага барганда башынан сылай койчу Өмүрбек Бабанов бийликтин эмес, акчанын кулу экенин билдирип, элден оолактады. Миллер тарабынан бата алып жүргөн Сапар Исаков Кремлдин кезектеги президенттикке умтула турган адамы болгону менен, шайлоочулардан добуш ала албай калары бышык. Ошол үчүн аны мамлекет башына алып келиш үчүн мыйзамсыз башаламандык гана керек. Же бул бийликке шыбага бербей, Сапар Исаков мамлекет башына келсе, Орусия жакшы жардам берет деген пиар жүргүзүшү мүмкүн. 2016-жылы элдик парламент түзүп Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик бийликти орусиялыктар аркылуу ордун алмаштырмак. Учурда Талгарбеков үчүн мындай ажиотаждын кереги жок. Анткени, Талгарбеков Жалал-Абадда губернатор болуп турганда жаш саясатчы Камчыбек Ташиевдин саясат майданына аралашуусуна бата берген. Эми Ташиевдин чек арадагы кылып жаткан реформалары аягына чыгышын күтүш керек. Орусиячыл Эргеш Алиевдин президентке татыктуу уулдары, Кубатбек Боронов, Улукбек Кочкоров, Талатбек Масадыковдор иштин келечегин күтүшөр. Ал эми жердешчил Темирбек Асанбеков кыйшайды, анын оозунан азыркы бийликти мактагандан башка сөз чыкпай калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости