www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимге байланыштуу техникалык сүйлөшүүлөр соңуна чыккан. Бул тууралуу 13-майда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди. 

"Биз техникалык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алдык. Эми келишимге кол коюу үчүн Бишкек менен Вашингтондун саясий эрки гана керек. Эки тарапта тең саясий эрк бар экенин көрүп турам".

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. 

АКШ президенти Джо Байден элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысына дайындоо ниетин жарыялаган. Жакын арада элчи кыргыз жергесиндеги кызматын аяктап, мекенине сапар алганы турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости