www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Өмүркулов Атамбаевди жамандаса оозунан кара көбүк чыга баштады. Логикалык жактан бул туурабы? Иса мырзанын бейиште жашаганы чын: Бишкекте мэр, ЖК депутаты, СДПК фракция жетекчиси болду. Беш-Күңгөйдөгү дачада стакан кагышып отурат деп укчубуз. А чындыгы Иса мырза түсүн өзгөртүп отурганы да чын.

Анткени, аны «атакеси» «мышык-чычкан» ойноткон. «Мышыкка-оюн, чычканга-өлүм» -деген кеп бар, кааласа «атакеси» аны нөлөбөй класстын окуучусундай бурчка тургузуп койчу, кааласа шымын чечтирип куру менен балак алган. «Атакесинин» айтканына көнбөй көр, кылмыш ишин козгоп, түрмөгө талапкер кылып койгон, же мансабынан жаткыра чаап салган, көңүлү ачылса кылмыш ишин жапкан, жакшы кызмат берген. Ошол үчүн ийиктей чимирилген Иса мырза «досун» сыртынан «журт атасы» деп жагынууга аргасыз болгон. Бирок ичинен ушундан кантип кутулам деп сыздап жүргөндөй.

«Атакесинин» ишинин бүтүп баратканын сезип, ошол үчүн эң биринчи бетине чыкты. Бирок, кокус «атакеси» бийликке келе турган болсо эң биринчи «мишени» болорун да билет болду бекен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости