www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согуштун алгачкы күндөрүндө немистер Ленинградга чейин кирип келет деп эч ким ойлогон эмес. Качан немистер Луганын алдына келгенде эле шаарда нанды карточка менен бере баштаган, ар бир адамга күнүнө 800 грамм нан берилген. Блокада мезгилинде бул беш эсеге азайган, 20-ноябрда ал жумушчуларга 250 грамм, калгандарга 125 граммда берилген.
Бул Ленинграддагы ачарчылыкка алып келген. 1941-жылы декабрда эле ачарчылыктан 50 миң адам өлгөн. Ушундан кийин жумушчулар 350 грамм, калгандар 200 граммдан алып калышкан.
1941-жылы 8-сентябрда Ленинград блокадасы башталган. Ошол күнү Бадаев азык-түлүк склады өрттөнүп кеткен, шаар азык-түлүктүн, шекердин, ундун ж.б. зор запасынан айрылган.
Бирок алысты көрө билген адамдар (негизинен соода кызматкерлери) карточка системасын киргизгенге чейин эле азык түлүктү топтоп алышкан, бул жашаш үчүн эмес ач адамдарга сатуу максатында болгон.
Согуштун башталганына үч күн болгондо ОБХССтин кайырмагына бир тууган эже-сиңдилер Антиповалар илинген. Алардын бири ашканада шеф-повар, экинчиси галантерея товарларын саткан дүкөндүн башчысы болуп иштеген. Кармалган учурда алардын үйүн текшергенде 100 кг ун, ошондой эле салмактагы кумшекер, консерва, май, 100 кг самын жана галантерея дүкөнүнүн толук ассортименти табылган.
Милиция менен ОБХССтин кызматкерлери шаар үчүн азаптуу күндөрдөгү алып сатарлыктын кулач жайганына таң калышкан. Шылуундар жакында немистер шаарга кирет жана өз тартибин орнотот деген маанайда алтын-күмүштөрдү жана баалуу буюмдарды сатып ала башташкан. Албетте, мындай маанайдагы алып сатарлар саналуу болсо дагы, алардын кылган иштери шаар эли үчүн бир топ кыйынчылык жараткан.
Рукшин аттуу жаранга ОБХСС согушка чейин эле көз кырын салып келген. Аны дайыма акча алмаштыруу жайы менен зер дүкөндөн көрүшчү. Акыры ал түрмөгө да отуруп чыккан. Бирок анын санаалаштары эркиндикте кала берген. Маселен, күрөөканада баа коюучу болуп иштеген Рубинштейн шаардыктардан ювелирлик буюмдарды өтө төмөнкү баада сатып алып турган, бул атайын жасалган жана кийинчээрек жогорку баада кайра саткан. Мындай "бизнеске" Мащковцев, ага-карындаш Дайчилер да тартылган.
Бул адамдардын бардыгы белгилүү зергерлердин балдары болгон. Мащковец 1940-жылы Ташкентте базарда алтын тыйындарды сатып алып, аны кайрадан сатып шугулданган. Бул абдан пайдалуу болгондуктан, кийинчерээк бул иш анын негизги кесибине айланган. Дейчилер НЭПтин учурунда бир нече ювилерлик дүкөндөрдү иштетишкен.
Бардык каражатты алар алтынга жана баалуу буюмдарга алмаштырышкан. Албетте, бул топтун мүчөлөрү бири-бири менен байланышта болушкан жана конспирацияны сакташкан. 1941-жылы аларды камакка алганда, алардан 3 кг алтын, 15 алтын буюмдарды, алтьш тыйындарды, 60 кг күмүш жана 50 миң рубль табылган. Мындан сырткары азык-түлүктүн зор запасы алынган. Суракта аларды бир гана маселе толкундаткан, алынган буюмдар кайтарылабы деген маселе болгон.
Алтынга тете
Азык-түлүктүн абдан кымбатгап кетиши шаардагы кылмыштын өсүшүнө алып келген. "Жула качмай" деген
аталыш менен белгилүү болгон кылмыш өскөн. Анда кылмышкерлер сумкаларды, нандык пайканы колдон жула качьш кетип турушкан. Мындан сырткары батирлерди тоноо күч алган, бардык тонолгон нерселерди жайма базарга алып чыгып сатышкан.
Алтын-күмүш, бриллианттар, ювелирлик буюмдар майдын кесимине, консервага, бир стакан кумшекерге же дан азыктарына бааланып калган. Бул жерде дагы ач адамдарды шылуундар алдап кетип турушкан.
Ленинграддагы биринчи блокадалык кышта зайтунду зыяндуу металлдардан тазалоо менен зыгыр майын алууну үйрөнүшкөн. Бул май элди ачарчылыктан сактап калган. Мында да шылуундар ойго келбес нерселерди жасашкан. Алар бөтөлкөлөрдү кагаз менен ороп үстүнө гана зыгыр майын куюп сатышкан, ал эми кагазда көрүнбөй калган жеринде суу болгон.
Ырас, ленинградыктардын көпчүлүгү, жада калса азык-түлүк өндүрүшүндө иштегендердин көпчүлүгү өзүн жана башкалардын ар-намыс, абийир алдында таза бойдон калышкан. Ири заводдордо иштеген жумушчулар абдан көп каза болгон, Ага салыштырмалуу кондитердик фабрикада иштеген 713 жумушчунун бирөө да ачарчылыкта өлгөн эмес, бул №4 нан заводунун жумушчуларына да тиешелүү.
Кимге согуш — кимге пайда
Майда шылуундардан башка Ленинградда чыныгы ишкерлер да "иштешкен". Далевский деген адам азык-түлүк ларегун башкарган. Бул соода борбору алып сатуучулар үчүн өтө кирешелүү жер болгон.
Алар потенциалдуу кардарларды табышкан жана азык-түлүктү сунуштоо менен алардын үйүнө барып соодалашышкан. Далевский акыркы тыйынга чейин эсептеген. Анын коммуналдык квартирасы антиквардык лавканы элестеткен: анда килемдер, фарфорлор, хрусталдар, баалуу буюмдар болгон. Качан күч органдары аны текшергенде аны валюта кызыктырары белгилүү болгон.
Ревизия аньш ларегунан катачылык таба алган эмес. Далевский текшерүү пландык болгон деп чечип ишмердүүлүгүн уланта берген. Бир аздан кийин кайрадан текшерүү болгон. Ушул жерде алып сатарды кармашкан. Андан алынган мүлк азык-түлүктү эсептебегенде 300 миң рублга бааланган.
Блокадалык Ленинградда дагы бир алтынга тете нерсе - бул азык-түлүк карточкасы эле. Карточкалык бюрого катаал текшерүүдөн өткөн адамдарды гана алган. Ошенткен күндө деле бу майлуу жерге шылуундар да келген.
Смоленск районун карточкалык бюросунун башчысы Широкова өлгөн же эвакуацияланган ленин-граддыктардын карточкасын өз учурунда жоготушу жана алышы керек болчу. Бирок бул айым алар үчүн тууганы иштеген дүкөндөн нан алып турган болгон.Дагы бир адамгерчиликсиз махинация 1943-жылы, качан азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусун кармаган учурда маалым болгон. Бир жарым жыл бою ал ач адамдардын ашык талонун кесип калып турган. Аны адамдар үйлөрүнө келгенде гана байкашкан, бирок далшшдей алышпаган.
Блокадада жасалма карточкаларды жасоо "бизнеси" да күч алган. Бүтүндөй блокада учурунда ленинграддык басмаканалардын жумушчулары ишинен карточкаларды алып чыгышкан эмес, бул алардын чыныгы адамгерчилигин көрсөткөн.
Бирок шылуундар башка кызматкерлерди пайдаланышкан. Зенкевич менен Заломаев деген эргулдар басмакананын пол жуугуч аялынын башын айлантышып иштелген литерлер менен кагаз калдыктарын алдырып турушкан. Жасалма карточкаларды жасоо иши башталган. Алар жасалма карточкаларды өткөрүү үчүн соода кызматкерлери менен байланыш түзүшкөн.Үч ай ичинде жашыруун типография 800 кг эттин, 100 кг кумшекердин, консерванын, арак менен папиростун карточкаларын чыгарышкан. Шылуундарды текшергенде алардан алтын жасалгалар, баалуу тери кийимдери алынган. Блокадада бардыгы болуп ондон ашык жашыруун басмаканалардын иши ачыкка чыккан.
Биринчи сорттогу күрүч
Блокадада ленинграддык милиция укмуштуудай ишти ачкан. Каждан деген адам №301 жабдуучу поездде иштөөчү. Иш боюнча ал Ташкентке көп каттачу, анткени база ал жерде эле. Ал иштеген вагон товардык вагон болгондуктан, Ташкентте эки-үч күн кармалып калчу. Ал учурда согупггук вагондор биринчи тейленгендиктен, күтүүгө туура келчү. Бир жолу ушундай узакка күтүүдө Каждан Афганистандан азык-түлүк сатып алуучу уюмда иштеген Бурлак деген адам менен таанышып калат. Көбүнчө Афганистандан күрүч алып келишчү, ар бир партияда миң кап күрүч келчү. Бурлак үчүн ашыкча күрүч салынчу, документ боюнча бул мүмкүн эмес болчу. Ашыкча алынып келген күрүчтү Бурлак Орто Азиянын базарларында сатгырчу, бул анын бизнеси эле. Эки шылуун дароо тил табышкан. Ошентип бир нече кап күрүч вагондо жашырылып алынып келчү. Ар бир иш сапар Кажданга киреше альш келе баштаган. Ташкенттен келген күрүч МалцевскиЙ базарындагы Яша Финкелдин фотоательесине алып барышчу. Фотограф Ташкенттен келген продуктыны жашырын жерде сактап, андан соң сатуу үчүн таркатчу. Сатыктан түшкөн акчаны Кажданга берчү. Ательеге акыркы мезгилде адамдардын көп келе баштаганын милиционерлер байкашат. Ошону менен катар базарда карточка менен таркатылбаган биринчи сорттогу күрүч пайда болот. Алар күрүч кайдан келгендигин жана Ташкент менен ким иштеп жаткандыгын такташат. ОшентипКаждангачыгышат. Анын батирин тинтүүгө эки күн кеткен, ал эми кармалаган буюмдарды жазуу 6 саатка созулган. Балдар кроватындагы матраска катылган акчанын суммасы 700 миң рубль жана 360 миң доллар болгон. Гүлдүн табагына жана плинтуска жашырылган алтын-күмүштөр табылган.
Анын шериктери Фагин, Гринштейн жана Гутникти тинтүүгө алганда ири акчалар алынган. Бардыгы болуп бул кылмыштуу топ 1,5 миллион рубль жана 4 миллионго баалуу буюмдарды "иштеп тапкан". Эске салсак, ал учурда Т-34 танкынын баасы 100 миң рубль турган...
Булак: Акун кызы Динара, СЫРДУУ ДҮЙНӨ