www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Татар улутунун тың чыкмасы мульти –миллионер Андрей Бельянинов 2019 - жылдын июлдун аягында жандосу Алмазбек Шаршеновичке жан тартып, Кант авиабазасынан түз эле Москвага шыпырып кетет. Таң калычтуусу бул, эмне Кант авиабазасы мамлекеттин ичинде мамлекетпи? Эгер Бельянинов Атамбаевди Путин менен жолуктургусу келсе “Манас” аэропортунан неге алып кетпейт? Кыскасы белдемчилик кылган Бельянинов 2019-жылдын 24 –июлунда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын экспрезиденти Алмазбек Атамбаевди жолуктурат. Кыска убакыт жолугушуу учурунда Путин Атамбаевге Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактоо тууралуу көрсөтмө берген өңдүү. Себеби, ал кезде Атамбаев Кой-Ташка бекинип алып, Кыргызстанда ызы –чуу кылып жаткан. Балким, Путин Атамбаевди Москвада калып калуусун каңкуулагандыр, оңбогон Атамбаев кандай түшүнгөнүн ким билет, Москвада калып калган жок. Москвада калып калса Акаевдин “бандалары” “бадырак тердиртип” коймок беле? Атамбаев кайра артка тартып, дагы бир татар улутундагы Фарид Ниязовдун кеңеши менен Кой-Таш Элдик Республикасын жарыялады. Балким татар Бельяниновду ушул Фарид мырза тааныштыргандыр, анткени Атамбаевге кайынага болуп, жакшы мамлекеттик кызматтарга “татар келсе катаал келет” деген принциптин негизинде жакындарын коюп, чалчактаган. Атамбаев президент кезинде жубайы Раиса Атамбаева Татарстанга барып алып “Душа моя - Татарстан” –деп, татарларды делөөрүтчү. Башка кыргызстандык айтса мейли дейт элек, бирок президенттин жубайы башка мамлекетке сырын ачпаш керек эле. Андан тышкары Раиса Атамбаева кыргыздын улуттук кийимдерин кордоп, Брюсселдеги “Сийип жаткан баланын” эстелигине кийгизе турган. Кыскасы татарлардын айлана-чөйрөсүндө калган Атамбаевдин деле “сөөгү кыргыз, эти татар” болуп бараткан. Жашырганда болбойт, Орусияда таасири бар Андрей Бельянинов Орусиянын Бажысын чимирип турчу. Атамбаев президент болуп баштаганда Орусиянын Бажысы тарабынан Кыргызстанга миллиарддаган акча келген, бирок кайсы тешикке куюлуп кеткени тууралуу белгисиз. Көп өтпөй Андрей Бельянинов коррупция менен кармалып, бели очорулуп кала жаздаганда Путин кийлигишип жатып, камактан аман-соо сактап калган. Ал эмес жаңы кызматка минген. Эми Атамбаевдин жандосу Бельяниновдун белин Путин неге сындырганы белгисиз, кызматынан алынды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg