www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сайдулло Нышанов Убактылуу Өкмөт бийликке келер менен БНКга тиешелүү май куючу станциялардын барын жеке менчиктештирип алган. Банк ячейкасына суук колун матырып, 5 миң долларды лык ашаган Сайдулла Нышанов  “Ата-Мекен” партиясы менен парламентке келет. Бирок бул партия менен кайым айтыша кетип, президент Алмазбек Атамбаевге жагынып, анын сиңирген эмгектерин жогору баалап, “Кыргыз эл Баатырын” бериш керек деген демилге көтөрүп чыгат. “Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановго каршы Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Кадыр Кошалиевдин айтуусунда  атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Ошол себептен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун башка депутаттар үчүн да дайыма добуш берип келе жаткандыгы үчүн Башкы прокуратурага расмий арыз таштаган. Нышанов жергиликтүү булактардын бирине жыйынга келбеген катарлаш олтурган депутаттар үчүн да добуш бергенин мактанып маек берген. Депутаттар элдин биздин үстүнөн билгенин жасай бергени үчүн Кадыр Кошалиевдин кыжыры кайнап, мындай арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган экен.

КРнын Башкы прокурору Ө.А. Жамшитовго

Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!

Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз.

Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндүрүшкө алууңузду өтүнөм.

Кыргыз коомчулугунун атынан "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев", - деп арызын аяктаган. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости