www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийлик башына келет. 2007-жылы СДПК партиясынан депутат болгон, азыркы «Ата-Журт» партиясынын мүчөсү катары депутатка талапкер Кубаныч Кадыров чет мамлекеттен качып жүргөн жеринен Кыргызстанга келет. Ал Ички Иштер министрлигинде эң кубаттуу орунду ээлейт. «Аю» деген аракты чыгарган мулти-миллиардер Шакинин тамырын тартып «сындыргысы» келет. Элдин айтуусунда 500 миллионго «сындырат» .Барыбызга белгилүү арак магнаты Шаки Бабановго ыйлап барып бул ишти жаптырат. Бабанов канча акча менен жапканы белгисиз, бирок Шаки «Республика» партиясынан Бабановдун далдалоосунда лепутат болот. «Республика» партиясына башын тыгыпжүрүп, Шаки Атамбаевге барчу жолду табат. Шаки Кой-Таштагы ал кездеги президент Атамбаевдин хан сарайын курууга спонсор болуптур деп жүрөт. Канча миллионго спонсор болгону тактала элек. Бирок Атамбаев жыдып түшөөр менен Шаки хамалеончо кубулуп Жээнбековдун командасына кошулуп, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо бийликтин чоорун созуп калган.

Шаки менен «Кыргызстан» партиясынын жаңы лидери Нурлан Абдыразаков бул партияны тазалап, жаңыртмак болушту. «Кыргызстан» партиясы Шаки тарабынан СДПКга клон партия катары 2015-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылы парламентке өтүп, мамлекеттеги эң үлкөн кызматтарга Шаки кожоюндук кылып көз салып турду. Быйыл Садыр Жапаров кол куушуруп келсе да кошпой койсо керек, алгач «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев бир мандаттуу округдан талапкер болду, анан Шаки өзү Салымбековдор менен күч сынашам деп Ат-Башыдан опурулуп чыкты. Эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевди «көчүккө тээп» ордуна «Кыргызстан» партиясынын лидерлигине  «Аюдагы» орунбасары Нурлан Абдыразаковду алып келди. Саясатта аты-жыты болбогону менен теңдеши жок кошоматчы талантына кол шилтеген Нурлан Абдыразаков. Азыркы партияга көз жүгүртүп, «Анжиянда кызым бар ал да менден шалаакы, Бухарада кызым бар, бу да менден шалаакы» дегендей эле. Башчылары акча дегенде оңкосунан кеткен бизнесмендер болсо, аягы эшик ырчы менен бүтөт. Нурлан Абдыразаковдун кошоматчы  талантын эч ким танбайт. Канат Исаев экөө кыргызга чанда келүүчү таланттардан. Канат Исаев менен Шаки экөө жетелешип алып «Кыргызстан» менен парламентке келишкен. Канат Исаев эми эки жагын карап кол шилтеп кете берди. Шаки болсо балга жабышкан аарыдай бийликти шап кармады. Жапаровдук бийликке деле бир «шут» керек болчу, көңүл ачаарда ырдатып, бийлетип койгонго. Бул ролду так аткарган Шаки Жээнбековдор менен куда болом деп жулунуп жүрүп, түз эле достору вице-премьер-министрге жеткенде топ этип учуп түшпөдүбү. Бактысы бар экен кийинкилерге куда болом деп жулунуп жүрүп депутат болууга укук алды.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости