www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 26-октябрда Судандын бийликтен кулатылган премьер-министри Абдалла Хамдок менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бир нече күн мурун африкалык бул мамлекетте аскердик жетекчилик төңкөрүш аракетин көрүп, өкмөттүн жарандык мүчөлөрүн, арасында премьерди да камакка алган. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын айтымында, Блинкен Хамдоктун бошотулушун кубаттады жана куралдуу күчтөрдү калган туткундарды кое берүүгө, алардын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Мамкатчы, ошондой эле, Судандагы соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

Прайс эл аралык коомчулук жарандык жетекчиликти, демократияны жана тынчтыкты жактаган Судан элинин мүдөөсүн колдой турганын белгиледи.

АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы аскерлердин бийликти басып алышына жооп кайтаруунун экономикалык жолдорун караштырып жатканын Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан билдирди.

Батыштын бир катар өлкөлөрү Судандагы төңкөрүштү айыптап, бийлик бөлүшүү калыбына келтирилбесе, жардам берүү токтоорун эскертишти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Судандагы абалды талкуулап, бирок билдирүү жасаган жок.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер - бийлик аларга өткөнүн жарыялаган. Андан кийин армия жана жарандык лидерлер бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашканда, Судан демократиялык багытта кетет деген үмүт пайда болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости