www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны - алар убагында медициналык жардам үчүн кайрылбагандыктан өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. 27-октябрга карата жабыркагандардын саны 253кө жеткени айтылган. Эпидемиялык иликтөө жүргүзүү үчүн "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары эки күн мурда жабылган.

"Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жабыркагандардын көбү анамнез (медкароо тууралуу маалымат) чогултуп жатканда 23-24-октябрь күндөрү ошол кафеден тамак жегенин айткан. Дал ушул күнү уулануу учуру катталган. Бирок бул адамдар үйдөн эле дарыланып, абалы оорлошкондо гана ооруканага кайрылган", — деди министрликтин өкүлдөрү.

Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179 болгон. Алардын 18и балдар.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий алып салынды. Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомго жеткен беш протокол түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости