www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги жыйынеда бүгүн депутат Таабалды Тиллаев Кыргызстанды өнүктүрүү саясаты тууралуу сурады. Учурда парламентте 2022-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи: "Кыргызстанда 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан ары өкмөт колунда жоктогуларга түз жардам берет. 200 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү, 200 миңдей майып жана жетим-жесирлерди багып алабыз. Ошондо өкмөт бир миллион элди багууну мойнуна алат. Калган орто катмар бирдиктүү салык, байлар өзүнчө тариф менен кымбатыраак төлөйт. Машиналарынын, үйлөрүнүн салыгын көбөйтөбүз. Ошондой салык төлөгөн 1,2 миллион үй-бүлөнүн эсебинен 200 миң үй-бүлөнү тың багып алабыз", — деди Жапаров.
Аны менен катар ишкерлерге жеңилдетилген, пайызсыз насыялар берилип, машинаны от алдырып жүргүзгөндөн кийин дароо салык сурай тургандай принцип сакталаарын белгиледи.
Ошондой эле, ал түрмөлөрдө жана ооруканалардагы шарттар да жакшыртылаарын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg