www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 1-ноябрдан тартып коомдук транспортто пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сомго чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаардык кеңешинин сайтында айтылгандай, менчигинин түрүнө карабастан, саат 08:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң куб сантиметрден ашпаган кичи автобуста жүргүнчүнүн сүрөтү, аты-жөнүн көрсөтүү менен персоналдаштырылган транспорттук картасы бар пенсионерлер үчүн жол кире акысы 8 сом болот.
Эскерте кетсек, Бишкекте 1-ноябрдан тартып менчигинин түрүнө карабастан кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң куб сантиметрден жогору болгон троллейбус жана автобустарда жүрүүнүн акысы 11 сом, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң куб сантиметрден аз болгон маршруттук таксилерде жана автобустарда жүрүү 15 сомго чейин кымбаттайт.
Булак: NazarNews.kg