www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамдын девушкасы

Москвадан айылга жаңы эле баргам. Бир күнү Атама телефонуңузду бериңизчи, айылдагылардын номерлерин жазып алайын деп алып алып жазып атсам "ЖАНЫМ" деген атка көзүм чалдыгып калды. Апамы ушинтип сактап алса керек деп номерин карасам  башкача. Эсим ооп эле отуруп калдым.

Кантсе да чалып көрөйүнчү деп түн болсо да чалууну туура көрдүм. Чалсам телефонду бир кыз алып, "алло жан"- дейт. Коркуп кетип өчүрө салдым. Көздөрүм тунарып, Тынар айткандай шакарим (сахарым) көтөрүлүп кетти. Мен өмүр бою идеал деп билген адамым кантип ушул жолго барды деген суроо мени жеп атты.

Көз алдыма Атамды кыздар менен жүргөнүн элестете баштадым. Ыйлап атам. Ортодо Апамды да аяп кеттим, байкуш эч нерсени билбейт да деп. Кайра чалдым анан чыйралып. Кайра эле назик үн. Сиз кимсиз десем мен девушкасы болом өзүнө берип койгула телефонду дейт. Ошондо жарылып кеттим.

А сиз билесизби ал адамдын алты баласы бар экенин деп кыйкыра баштадым ал кыз унчукпай коюп салды телефонду. Менде истерика башталды. Жашоом заматта тозоко айлана түштү. Атам кантип эле деп чыркырайм. Карыганда жолдон азгырган кызды жок кылам, ал жашайт же мен жашайм бул жашоодо деп туталанып алгам. Таң атканча кирпик какпай чыктым.

Атам ошол кыз менен кетип калсачы, Апам байкуш көтөрө албайт го бул нерсени деп дагы ыйлай баштадым.

Эртең менен эртерээк туруп камыр жасап атсам ашканага Атам кирип "өзү, бир жериң ооруп атабы? Эмне өңүң бозоруп кеткен"- дейт. Ичимден билмексен болуп коет дагы деп жиним келип сүйлөбөй койдум. Атам мени таң калып карап коюп чыгып кетти.

Анан менден улуу акемдин 16 жаштагы  баласы Сыймык кирип эле кыйкырып кирсе болобу сиз мени эмне кыздарга анын алты баласы бар дегенсиз деп. Мен сени айтпагам, мен Атамды айткам десем "при чем тут Атам, если мага звонок кылып атса"- дейт. Мага ошондо жетти, ал Сыймыктын девушкасы экени. Жинди кишиче жер тепкилеп каткырып кулгом сүйүнгөнүмдөн.))) Эх атакелер бар болсун!

Камчыбек Бостон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости