www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл областынын Жолголот айылынын тургуну Жээнбай Букаров 42 жаштагы кызы Нургул Жээнбаеваны анын мурдакы күйөөсү өлтүрдү деп эсептейт. Ал акыйкат издеп борборго келип атайын журналисттерге жыйын өткөрдү. Анда ал мурунку күйөө баласын кызынын өлүмүнө күнөөсү бар экендигин айтат, анткени далилдөөчү бардык материалдар бар. Бирок эмнегедир сотто да соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына да нааразы болгон ата кайрадан экспертизан өткөргөнү турат.

Каргашалуу окуя Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылында 4-сентябрда болгон. Сөөктү ата-энелер 9-сентябрда табышкан. Кызы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, себеби боюнда үч айлык болуп калгандыктан ага жини келген Сапатбек аны өлтүргөн. Аялынын Самсунг телефонун да сатып ийген.

 Боюнда бар экенин билип калып, аны мурунку күйөөсү Сапатбек Жакыпов аны биринчи муунтуп, андан соң, каракушка темир предмет менен чаап өлтүргөн. Ал жанындагы досуна окуянын чоо-жайын айтып берет: "аялымды билбей өлтүрүп алдым жардам бер, суунун боюна алып барып ыргытып салалы"- деген экен. Ал күбө кылмышкер тарабынан айтылган сөздөрдү да сотто тастыктаган

Учурда шектүү делген Сапатбек СИЗОдо камакта. Бирок жабырлануучунун үйүнө чейин келишип, аны опузалап жатышыптыр. Мисалга, Асанбаев Болот аларды коркутуп-үркүтүп жатыптыр.

"Бирок, тилекке каршы, кылмышкердин тааныштары кыйын чыгып, ар тараптан аны түрмөдөн чыгарып алуу жолун издеп жатышат" дейт - кейиген ата. Эң кызыгы соттук-медициналык экспертизаны жумушунан бошотулган адам келип кылган, бул дагы атаыйн жасалган ишке окшош.

Эске салсак,  маркум Нургул менен мурдагы жолдошу Сапатбек менен 1993-жылы эле ажырашып кетишкен. Ортодо бир кызы калды. Ушул жылдын май айында Нургүл кызынын тоюна келген эле Бирок үлпөт тойду жылдырып коюшкан Ошол учурда Нургүл мурдагы жолдошу менен кайра жолугуша баштайт. Ырмататылык Нургүлдүн 3 айлык боюнда бар эле...

Учурда кызын жоготкон Ата президентке да кайрылуу жолдоп жатат. Ошондой эле, бир адам эмес, боюнда бар адамды өлтүргөн  үчүн мурунку күйөө баласын эки берене менен соттолуусун каалайт. 

Жазгүл Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости