www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аккан арыктан суу агат» -дейт Элнура Кулуеванын атасы Шабданбай Кулуев аксакалды кимдер гана билбейт. Күнүгө таң атпай Шабданбай Кулуев аксакалдын сөзүнө жазылган Гимн менен ойгонуп, ошол гимн менен уктайбыз. Элнура Кулуева да атасын тартып оңой таланттардан эмес: «Аалам», «Жаңы Ордо» гезиттерин жаңыртып иштеп келсе, «Алиби», «Асман-Пресс» гезиттерин бутунан тургузду. Уюштуруу жөндөмдүүлүгү күч Элнура Кулуева Кыргызстанда эч ким укпаган шаан-шөкөттөрдү уюштуруп жиберет. Ал калпак күнүнө, журналистте күнүнө карата ойдо жок иш чараларды уюштурса, Гиннестин китебине киргизиш үчүн бир топ жылкыларды союп, ааламда жок беш бармак жасап элдин черин жазган. Элнура Кулуеванын жасаган жаңы иштеринин бири «Манасты» даңазалап Дөөлөттүн 14 саат 27 минут Манасты айтуусуна Дөөлөттүн көрөр көзү Ырыс Окенова менен  дем бергени. Дөөлөттү эми кыргыз эли гана эмес Гиннес китеби аркылуу бүт аалам билип калат.

Элнура Кулуеваны көргөн кишинин барысы жүрөгү эзилип, ыр жазгысы эле келип калат. Жаздын күнү жашыл шуба, күздүн күнү сары шуба, караңгыда кара шуба, ак кар жааганда ак шуба кийген таланттуу кызыбыз Элнура журналисттердин арасында эң модачыл, эң сулуу, эң сымбаттуу жана эң уюштургуч десек жаңылышпайбыз.

Жайдын күнү Элнура

Ысып кетет экен дейт.

Жашыл көйнөк кийинип,

Сызып кетет экен дейт.

 

Кыштын күнү Элнура

Үшүп кетет экен дейт.

Ак шубанын ичине

Түшүп кетет экен дейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости