www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Угандада ислам динин тутунган атасы кызынын христиан динин кабыл алганын угуп сабап, өрт коюп жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы кыз атасынын жумушуна байланыштуу Замбия өлкөсүндөгү Мбала шаарына узатып барып, эжесиникинде жашап калган. Ошол жактан ал христиндык радиопрограммаларды угуп, таасирленет. Май айында кыз атасынын христиан динин тутунган таанышына чалып, аны менен христиан дини тууралуу сүйлөшөт. Алардын сүйлөшүүсүн угуп калган атасы жинденип кызын сабап, бензин куюп, өрттөп жиберген. 

Күйүп жаткан кызды эжеси сактап калып, тез арада ооруканага жеткирген. Учурда жабырлануучу буту, ичи, моюну, белинен күйүк алып медициналык мекемеде жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости