www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Лангепас шаарында апасын өлтүрүүгө шектелип, мурда соттолгон жергиликтүү тургун кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 47 жаштагы эркек мас абалдагы учурунда 74 жаштагы энеси менен уруша кеткен. Уруш учурунда энеси ага 2008-жылы атасын өлтүргөнүн эскерткенде, эркек киши ашкана бычагын алып, энесин бычактап салган. Төрт сааттан кийин, бардык спирт ичимдиктерин ичип бүткөндөн кийин, адам өзү полиция бөлүмүнө келип, кылмышын мойнуна алган.

Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү ("Киши өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Лангепас шаарынын тургуну бир жарым жыл мурун эле атасын өлтүргөндүгү үчүн 10 жылдык жаза өтөгөн колониядан чыгып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости