www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Профсоюздун жетекчилери министрлерден да өтүп жыргап жүрүшөт. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Профсоюзда абдан абал оор. Ал жак Акаевдин убагынан бери катып калган мафия. Профсоюздун жетекчилери 100 миңден 150 миңге чейин айлыктарды алып, кызматтык унааларды минип, министрлерден өтүп тайраңдап жүрүшөт. Гектарлап жерлерди сатып жатышат. Мисалы, 5 гектар жер 32 миллион сомго бааланса, алар болсо 900 миң сомго сатып жиберишкен. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берсеңиз, урматтуу төрайым. Профсоюздар келип маалымат беришсин. Алар бүт лагерлерди, Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды сатышкан. Бизге азыр элден каттар келип жатат. Профсоюздарды ордуна койгула деп. Алар жада калса президенттин алдында түзүлгөн коммисияны тоготпой жүрүшөт. Бул жакта иштеген жетекчилер жыландан да катуу сойлойт экен. Алар кантип Ак үйдүн жогорку кабатына чыгып кетишет, түшүнбөйсүң. Куйругун карматпайт", - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg