www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү Украинадагы эгин маселесин дүйнө коомчулугун кыжырланткан нерсе катары чечпей кармап турууга аракет кылат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров түркиялык кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен болгон жолугушуусунда айтканын РИА Новости жазды.

"Биздин батыштык кесиптештер бул маселени атайын чечкиси келбейт. Ураинадан буудай алып чыгууга Орусия тоскоолдук кылып жаткандай көрсөтүшөт", — деди Лавров.

Ал эми РФ президенти Владимир Путин мындай айыптоолорду жалаа деп атап, эгин экспорттоо боюнча маселе жок экенин билдирген. Ошол эле учурда ал Киевди кемелердин коопсуз өтүшү үчүн портторду минадан тазалоого чакырган.

Путин данды Румыния, Венгрия жана Польша аркылуу (Дунай дарыясы менен) экспорттоого болорун айткан. Мындан тышкары, эң арзан жол Беларусь аркылуу өтөрүн, бирок бул үчүн санкцияларды алып салуу зарыл экенин билдирген.

Бирок дүйшөмбү күнү кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тарткан.

Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов өлкөнүн коопсуздугу кепилденмейинче эгин эч кимге берилбесин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости