www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын куралдуу күчтөрү жана Сириянын Эркин Армиясынын согушкерлери Сирияда жаңы операция үчүн даярдык иштерин аяктады. Бул тууралуу ТАСС жергиликтүү басылмаларга таянуу менен билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, учурда армия операцияны баштоо үчүн Анкаранын буйругун күтүп жатат. Белгиленгендей, түрк аскерлери Тел-Рифат жана Манбиж шаарларынын айланасында согуштук позицияларды ээлеп, террордук топтордун турумдарына ок атууда.

«Сабах» гезити да аскердик операция Тел-Рыфат менен Манбижде бир убакта жүргүзүлөрүн жазган. Анын максаттары мурдатан эле аныкталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Hurriyet гезити Орусия Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясына даярдыгын жактырбаганын, ошондуктан Түркия согушка даярдыкты үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болгонун жазган. Бул Ракка шаарынын түндүк четиндеги Айн-Исса аймагында пландалган операция.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости