www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-класстын окуучусу чөгүп кеткен "Ала-Тоо" аквапаркынын жетекчилиги үч күндөн кийин гана билдирүү жасап, аталган окуяны кырсык деп атады. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакировдун 24.kg агенттигине берген катында айтылат.
Аквапарктын жетекчилиги жана кызматкерлери 6-июнда бассейнде каза болгон баланын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
"Бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алып, кичинекей Атайдын ата-энесине, жакындарына көңүл айтабыз. Аталган факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, видеобайкоо камераларынан алынган маалыматтардын баарын тергөөчүлөргө өткөрүп бердик. Мэриянын шаардык билим берүү башкармалыгы менен Ички иштер министрлиги тарабынан комиссиялар түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жетекчилик баланын жакын туугандарына моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Азыр социалдык тармактарда, жалпы эле коомдо кырсыктын айланасында көп сандаган такталбаган маалыматтар тарап жатат. Биз болуп өткөн окуя үчүн жоопкерчиликтен качпай турганыбызды жана тергөө менен кызматташууга даяр экенибизди баса белгилегибиз келет", — деп айтылат катта.