www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономиканын өнүгүү тарыхы, улуттун өнүгүү тарыхы, планетаны коргоо тарыхы, жаратылышты сактоо тарыхы, деген предметти окусак бир пайда болмок эле. Мындай пикирин Падишахан Султаналиева билдирди.
«Диндердин өнүгүү тарыхы» деген предметтен эмне пайда? Билим алууга келген эти жаш, мээси суюк жаш өспүрүмдөргө? Эшикте 21-кылым, феодалдык же таш кылымда адамдарды дин менен багынтса болоор эле алдап, мээсин айлантып.
Азыркы акылмандар динди ортомчусуз, жекече жүрөгүндө өздөштүрүп алышкан. Сыйынсада бекинип өзүнчө сыйынат, көчөгө самсаалап чыгып кетпей. Мени ашыкча дин аңкоо кылган, жетишсизи жалкоо кылган, үнөмдүүсү дарылап үмүт чачкан жарыктыкка.
Экономиканын өнүгүү тарыхы, улуттун өнүгүү тарыхы, планетаны коргоо тарыхы, жаратылышты сактоо тарыхы, деген предметти окусак бир пайда чыгар эле.
Анан ал динди атеист адам эле тең укуктуу окутпаса, башка диндерди кемсинтпей. Мисалы Будизмдин каери кем Исламдан же болбосо Христиандардын каери кем Католиктерден? Дин мектепте окутулуучу предмет эмес. Дин улуу адамдардын жан дүйнөсү, ички туюму, жекече сезими.
Динди саясатка жана адамдардын аң сезимин талкалоо үчүн киргизгендин өзү, көп нерселерди ойрон кылат.
Эмнеси болсода таразага тартсаңар болмок, колду шилтеп коё салып, улуу Кыргыздын тамырына балта чаппай. Каржыланган жакка ооп кеткендер, азабын иттей тарткандарын көрбөй жатасыңарбы? Же силер өткөндөн жана көргөндөн сабак алуучу мээңер агып кеткенби?
Ашыкча еврочулук, ашыкча арапчылык кыргызга зыян.
Мектептерге андан көрө ар түрдүү кол өнөрчүлүк кесипкөйлүктү киргизгиле. Эмгек сабагы ар дайым актуалдуу. Дүйнөлүк акция, облигация, экономиканы окуталы, оңой эч кимди алдабай, акча табуунун жолдорун үйрөтөлү. Мээни тумандатпай өркүндөтөлү», - деп белгилеген ал.
Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg