www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Райымбек Матраимовдун тарапташтары УКМКнын алдына чогулду.

Чогулгандардын арасынан Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Райымбек Матраимов тууралуу өзүнүн жеке пикири менен бөлүштү.

“Райымбек Матраимов Кыргызстандын стабилдүүлүгү үчүн, мыйзамдуулугу үчүн күнөөсү далилденбей туруп 2 млрд төлөп берди. Анда дагы экинчи жолу кайсы негиз менен камап атат? Кыргызстандагы эң күчтүү менеджер, эл уулу, жоомарт жигитти мамлектке иштетишибиз керек. Эгерде Матраимовду камай турган болсок бүгүн, анда Кулматовду, Сапар Исаковду, Атамбаевди да камайлы. Ошондо акыйкат болот. Алар дагы ушул 2 миллиардын ичиндегиге эч нерсе дебей, макул мойнума алдым деп төлөп берсин. Эмне үчүн байлардын бардыгы качып жүрөт? Бир гана Райымбек Исмаиловичти бүгүн кыйнап жатышат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-февралда Кара-Суу районунун тургундары Райымбек Матраимовду колдоп, жөө жүрүшкө чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости