www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги "Ай Кью" жеке менчик мектебинин жетекчилиги президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты. Алар кайрылуусун NazarNews маалыматтык агенттигине билдирди.
Мектеп жетекчилиги жана ата-энелердин кайрылуусунда КР Билим берүү министрлигин жеке менчик мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат бербей, өлкөнүн Конституциясын жана балдардын укугун бузуп жатканын айтышкан.
Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:
"Урматтуу президент, Билим берүү жана илим министрлиги "Ай Кью" жеке менчик мектебинин 84 бүтүрүүчүсүнө 11-классты аяктагандыгы тууралуу аттестаттарын берүүдөн баш тартып, бүгүнкү күндө алар жогорку окуу жайга кире албай жатат.
ЖОЖдорго кабыл алуунун эки туру тең аяктап, таланттуу балдарыбыз тапшырган жерлердин баары күйүп кетсе дагы, үчүнчү турда университетке өтүп кетсе деген максатта кайрылып жатабыз.
"Ай Кью" жеке менчик мектебинин жетекчилигинин аракеттери шылуундук деген маалымат социалдык тармактарга Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 14-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айткандан бери тарап келет.
Министрдин орун басары мектептин айланасындагы окуя боюнча төмөндөгүдөй пикир билдирген:
"Ай Кью" жеке менчик мектеби ата-энелерди толук кабардар кылбай 2022-2023-окуу жылында 84 окуучуну тездетилген окууга кабыл алган. Муну шылуундук деп атоого болот. Окуучулардын ата-энелери балдардын окуусуна 65-75 миң сом төлөшкөн. Башкача айтканда, билим берүү комплекси тарабынан 6 миллион сомдон ашык каражат мыйзамсыз чогултулган. Бул акча окуучулардын ата-энелерине кайтарылышы керек".
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги мектеп жетекчилигинин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага, УКМКга жана Ички иштер министрлигине кайрылган.
"Өткөн жылы 19 бүтүрүүчү "экстернат" программасы боюнча мыйзамсыз аттестат алган. Бул окуяга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Министрлик мындай кырдаалда окуучулар алдамчылыктын курмандыгы болушкан деп эсептеп, алардын укуктарын коргойт. Андыктан 84 окуучунун мыйзамдуу түрдө мамлекеттик мектептерде 11-классты бүтүрүп, аттестат алуусу үчүн бардык шарттарды түзүп беребиз", - деген Ашымбаева.
Ошондой эле ал "экстернат" программасы боюнча билим берген мекемелер текшерүүгө алынарын айткан.
Эске салсак, "Ай Кью" жеке менчик мектебинин директору Мадина Кубаева Билим берүү министрлиги 84 бүтүрүүчүгө аттестат алууга тоскоолдук кылып жатканын билдирген. Ал билим берүү уюмдары лицензияны билим берүүнүн багытына эмес, билим берүү үчүн аларын белгилеген.
"Мамлекеттик кызматты аркалаган жогорку даражалуу адамдын бул сөздөрү жумшак айтканда, негизсиз, адилетсиз, мыйзамсыз, бул мектептин директору Мадина Кубаеванын, окуучулардын, ушул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн, профессордук-окутуучулар составын жана ушул уюмдун бардык башка кызматкерлеринин абийирине, кадыр-баркына шек келтирип, кемсинтүү болуп саналат.
Биринчиден, Мадина Кубаеваны жана анын уюмун алдамчылык боюнча айыптоо максатында Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Мадина Кубаевага карата соттун айыптоо өкүмүн көрсөтүүсү керек болчу. Бирок ал мындай далилдерди келтирген эмес", - деп жазган кайрылууда окуу жайынын кызматкерлери.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-июлда ата-энелер тобу КР президенти Садыр Жапаровдун кортежин тосуп, президент менен жолугууга аракет кылышкан. Видеотасмадан ата-энелер, "Президент, токточу! президент, токтогулачы" деген үндөрдү угууга болот.
Төмөндө окуянын чоо-жайын көрө аласыздар.
Булак: NazarNews.kg