www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагында кайрадан кризис. Мындан дээрлик 15 жыл мурункудай электр жарыгы өчүрүлүп, эл ичинде аңызга айланып айтылып жүргөндөй Алексей Ширшовдун энергетикадагы коррупциялык схемасы кайрадан орноду көрүнөт.

Дегенибиз, 2010-жылы кылмыш иши козголуп өлкөдөн качып кеткен Алексей Ширшов, 2020-жылы Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, эки тизгин бир чылбырды Садыр Жапаров алганда "Максим Бакиевдин 200 миллион долларын таап берем" Кыргызстанга кайтып келген.

Натыйжада, андан бери Ширшов айткан акчадан таш балакет жок. Бирок, Ширшовдун кадрлары менен схемалары иштей баштады. Ширшовдун эки көздөй кадры министр болду. 

Ширшовдун дагы бир кадры Таалайбек Ибраев Энергетика министри болуп, өз билген боткосун чалууда. Башкача айтканда, Ширшовдун энергетика тармагындагы жомок болуп айтылып жүргөн баягы коррупциялык схемасы иштей баштады өңдөнөт. Суу жок. Свет өчүүдө. Бирок ошол эле кезде бир райондун электр энергиясын бир жеп койгон майнинг ферма иштеп жатат. Мунун артында Ширшов турушу мүмкүн дешет. Казинолор иштеп баштады. Айтор, күмөндүү, тумандуу, туңгуюк иштер арбыды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости