www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Филология илиминин доктору, профессор менен маек.
-- Аттокур мырза, бир мандаттуу Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа округдарынан парламенттик шайлоого аттанып келдиң. Үгүт иштери сага эмне берди?
-- Шайлоо мага ырахат алып келди. Үч райондун (Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа) ар бир айылын түтүнмө-түтүн, көчөмө-көчө кыдырдым. Көптөгөн идея, материалдарды жыйнадым. Позитив, күчтүү энергия, мотивация дагы бир элүү жылга алдым.Түрдүү адамдарды жолуктурдум.
Айылдын турмушун көрдүм. Элетти көтөрбөсөк мамлекетибиздин өнүкпөшүнө дагы бир жолу ынандым. 51 жашка келип, бала кезимдеги баскан жерлерди кайрадан көрдүм, эстедим. 35 жыл көрүшпөгөн мугалимдеримди башка айылдардан жолуктурдум. Туугандарымды таптым, көздөрү өтүп кеткен улуу кишилерге куран түшүрдүм.
Мазарларга зыярат жасадым. Өмүрүмдө көрбөгөн айылдарда, көчөлөрдө болдум, таптадым, ар бир үйгө кирип барганда балдардан жадыбалды сурадым, күндөлүктөрүн текшергенге үлгүрдүм, баарына жетиштим.
-- Жолугушууда сени тааныгандар, тааныбагандар болгондур...
-- Барган жеримде мени тааныбагандар жокко эсе экен. Баары эле таанып атышты. Жадагалса өзүмдүн чоң аталарымдын ак эмгектерин эл мага айтып берди. Мына менин чоң жеңишим, жемишим! Ыраазымын элиме!
Ар бир айылдын адамы мени кыргыздын салты менен тосуп алышты! “Нан же, жолуң болот, куттуу үйдөн кур чыкпа” дешип. Өзгөчө “Кардың ачса карындаш изде” деген кыргыздын макалы мени катуу сестендирди. Чынын айтсам, буга чейин укпаптырмын.
Кайда барбайын жолум ачылып, жакшы адамдар тосуп турду, аба ырайы да жылуу болуп, тойлордун үстүнөн гана чыгып турдум. Элди бөлүп сүйлөгөн жокмун, көп сунуштарын уктум, мен үчүн эстен кеткис күндөр болду. Шаарга келип, ошол ырыскылуу элди кайра сагына баштадым. Кудайга миң мертебе ыраазымын! Ар бир мага жолуккан адам өмүр бою менин эсимде сакталат!
-- Шайлоодон өтпөй калганыңа капасыңбы? Таарынып калбадыңбы?
-- Таарыныч түк болбойт! Эч кимге таарынычым жок, мунун баары багыман! Ырас эле шайлоого аттаныпмын. Айылдан чыкканыма жана мугалим болгонума сыймыктанам! Бактылуу адаммын! Элим жабыла ак баталарын беришти жана ак жол каалашты.
Дагы унутуп калыпмын, бирге иштеген жамаатым жана студенттерим күнүгө телефон чалып, ал-жайымды сурап турушту. Ак жүзүм менен жумушума келем. Шайлоодо таза күрөштүм. Үлгү көрсөтүү үчүн аттангам. Бар болуңуздар! Дагы бир жолу айтып коёюн, шайлоодон сөз жеткис ырахат алдым, бугум чыкты!
Булак: Азия News гезити