www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңги затын сатууга шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 14-декабрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.
11-декабрда Сокулук РИИБдин кызматкерлерине Орок айылынын тургуну сатуу максатында үйүндө баңгизатын сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция Т. Э. аттуу 29 жаштагы жарандын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында кыздын уктоочу бөлмөсүнөн уксустукундай жыты бар кара күрөң түстөгү зат салынган пакет табылган. Экспертиза анын 66 граммдан ашык героин экенин көрсөттү.
Аталган факты Жазык кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылымшытардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийинчерээк сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Булак: NazarNews.kg