www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 11-апрелде өткөн шайлоого жалпысынан кандай баа бересиз?

- Бул шайлоо жалпы алганда мыйзам бузуулар менен өттү. Жергиликтүү кеңештерге бараткан талапкерлер жана партиялар жөнүндө шайлоочуларда кеңири маалымат болгон жок. Маалыматты уюштуруу дагы жолго коюлган эмес. Партиялар, анын ичиндеги талапкерлер жөнүндө талдоолор, аналитика, дебаттар толук кандуу берилбегендигине байланыштуу элдин тандоосу бир тараптуу болуп калды.

- Аялдарга каралган квота боюнча өзгөрүүлөр болдубу?

- Аялдарга каралган мандат боюнча жетишкендиктер болду. Мында айылдык кеңештерде айымдардын шайлоого талапкер катары жигердүү катышканы байкалды. Алардын көбү бул атаандаштыкта жеңишке жетишишти.

Шайлоо, мамлекетти башкаруу, муниципалдык деңгээлде башкаруу процесстерине аялдардын аралашканы жакшы көрүнүш. Дүйнө жүзүндөгү иликтөөлөргө караганда, айымдар бар жерде коррупциянын көрсөткүчү аз болот. Алар саясый максаттарды эмес, элдин көйгөйүн чечүүнү биринчи орунга коюшат. Бирок, мына шайлоодон кийин шаардык кеңештерде талапкер айымдарды тизмеден алып салуу аракеттери болууда.

- Мында деле добуш сатып алуулар болгондугу айтылууда. Аны таптакыр токтотуунун жолдору барбы?

- Бул шайлоодо деле добуш сатып алуу болду. Өзгөчө Бишкек менен Ошто көп катталды. Ошол жерлерде мурдагыдай эле деңгээлге чыкты. Негизи добуш сатып алууну таптакыр жоюунун жолу – ошол саясый партияларды жана талапкерлерди жоопко тартуу керек.

Антпесе бул көрүнүш шайлоодон шайлоого улана берет. Жакырчылык бизде жогору болгон үчүн, финансылык көз карандысыздык болмоюнча шайлоонун ыплас оюндарында акчага азгырылуу боло берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости