www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трапм Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Америка элинин атынан Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин эгемендүүлүгүңүздүн 28 жылдыгы менен куттуктайм. Сиздин өлкөңүз 31-августта эгемендүүлүк күнүн майрамдап жатканда биз Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсү тууралуу каалоолорубузду чын дилибизден жолдойбуз.

Өткөн 28 жылдын аралыгында биздин эки өлкөбүздүн мамилеси элибиздин ортосунда күчтүү байланыштын түзүлүүсүнө салым кошту. Быйыл кайрадан башталган биздин диалогубуз мамилелерибиздин позитивдүү багытта өнүгүп жатканын көрөтүп, жакында жаңы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимдин түзүлүшүнө алып келет деп үмүттөнөм. АКШнын жана Кыргыз Республикасынын элдерине тең пайданы алып келген эки өлкөбүздүн ортосундагы достугубуздун андан ары өсүшүн чыдамсыздык менен күтөм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости